Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДайыр Асанов атындагы багында сейилдеп жүргөн шаар тургундары. Архив
Дайыр Асанов атындагы багында сейилдеп жүргөн шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. 6-октябрда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +23…+28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +18…+23 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы борбор калаада +26…+28, Ош шаарында +27…+29 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0