Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Ал тасмаларда эркектин мыкты ролун аткаргандыгы үчүн бир катар сыйлыктарга татыган. Көп кырдуу талант ээси Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.
Дарттын азабын аябай тарткан актер, 1992-жылы 56-жолку операцияга кирет. Сүймөнкул Чокморов ошол жылдын сентябрь айында 53 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Учурда анын ысымын орто мектеп, Бишкек шаарындагы бир көчө жана кесиптик лицей алып жүрөт.

1/11
© Фото / Госархив КР
Актер өспүрүм менен кино тартуу учурунда

2/11
© Фото / Александр Федоров
Сүймөнкүл Чокморов актриса Алиман Жангорозованын элесин түшүрүп жатат

3/11
© Фото / Александр Федоров
Жылдызы жанган актер кайсы ролду ойнобосун аны ийгилик ээрчип жүргөн

4/11
© Фото / Александр Федоров
"Жалаң гана эр азаматтар" тасмасында ойноп жаткан маалы

5/11
© Фото / Александр Федоров
Бул адамдын дүйнөдөн эрте кеткени кыргыз маданиятынын бир капталын эңшерип түшкөндөй болгон

6/11
© предоставлено Александром Федоровым
Бул эки залкар – Сүймөнкул Чокморов менен кинорежиссер Төлөмүш Океев эмне тууралуу сүйлөшүп жатты болду экен

7/11
© Фото / Александр Федоров
Сүймөнкул Чокморов менен Жамал Сейдакматова Төлөмүш Океевдин "Улан " тасмасында роль жаратып жатканда

Сүймөнкул Чокморов чет мамлекеттен келген коноктор менен

Актер 1992-жылы 26-сентябрда 53 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан

Чокморовдун актердук талантынан кем калбаган сүрөтчүлүк өнөрү

Чыңгыз Айтматовдун "Жамиля" чыгармасынын негизинде тартылган тасмада атактуу актер фронттон келген Даниярдын образын жараткан
