Эске салабыз! Кыргызстанда келе жаткан ишемби иш күн

Жазылуу
Буга себеп август айында жарандар төрт күн катары менен эс алышкан.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Келе жаткан ишемби, 22-сентябрь Кыргызстанда беш күндүк график менен иштегендер үчүн жумуш күн деп жарыяланды.

Буга август айында жарандар төрт күн катары менен эс алганы себеп. Анда Курман Айт майрамы 21-август, шейшемби күнгө туура келгендиктен 20-август, дүйшөмбү эс алуу деп жарыяланган.

Буга байланыштуу кыргызстандыктар ушул ишембиде толук график менен иштешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0