00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстанда бүгүнкү күндө күйүүчү майдын эки айлык запасы бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, күйүүчү май өлкөгө Беларусь, Кытай жана Түркиядан жеткирилген. Ал өкмөттүн алдындагы биринчи милдет — өлкөнү күйүүчү май менен камсыз кылуу экенин белгиледи. Ошондой эле алардын азыркы баасы негизи, туура эместигин, бирок мурдагы наркына кайра кайтып келет деген оюн билдирди. Амангелдиев учурда дүйнөдө мунайдын баасы өсүп жатканын белгиле, учурда башка өлкөлөр менен сүйлөшүп жаткандыктарын айтты. "Бул маселе боюнча Россия менен сүйлөшүп, кечээ ал жактан келдим. Алар өзүндөгү чектөөлөргө карабастан бизге колдоо көрсөтүп, күйүүчү майды Кыргызстанга жеткирүү кайра жанданды. Азыр бул көйгөй жөнгө салынды", — деди.
Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызматтарга дайындалган аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы түзүлгөн кадрлар резервине 743 талапкер киргизилип, анын 100ү аялдар болгон. 2024–2025-жылдары резервден бир катар аялдар аким, акимдин орун басары, айыл өкмөт башчысы жана мэрдин орун басары кызматтарына дайындалган.Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында дагы 14 аял жетекчилик кызматтарга дайындалып, мамлекеттик башкаруудагы аялдардын ролу мындан ары да күчөп жатканын көрсөттү.
Россия Кыргызстанга эл аралык уюм аркылуу 2 тоннага чукул азык-түлүк берди Россиянын БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу берген эки тоннага жакын жардамы Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларга келип түштү. Көмөктү өткөрүп берүү аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чыңгызбек Мамат уулу, аталган программанын КРдеги жетекчисинин орун басары Секжин Хан катышты. Бул сапар Россия байытылган 1755 тонна ун, 202,3 тонна өсүмдүк майын берди. Баш-аягы 850дөн ашык үй-бүлө дарыянын жээгин бекемдөө, сугат системаларын калыбына келтирүү, суу жеткирүү, бак тигүү жана башка иштер боюнча долбоордо иштеп, акысына аталган азыктарды алмакчы. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан Россия Кыргызстандын ири донордук уюму экенин айтышты. Соңку 15 жыл ичинде тараптар калктын социалдык жактан аялуу катмарына шашылыш жардам көрсөтүү жана колдоо боюнча программаларды биргеликте ишке ашырып келе жатат.
НАТО АКШ Конгрессинин PURL механизминин алкагында Украинага америкалык курал-жарактарды жеткирүүнү баштай албай турат. Бул туурасында РИА Новости жазды. Агенттик карап чыккан Конгресстин отчетунда 31-мартка карата 21 өлкө аталган программага 4,15 миллиард доллар которгону айтылат. Каражат АКШ казыналыгына түшкөнү менен курал-жарак жеткирүү боюнча келишимдерди түзүүгө азырынча мүмкүн болбой жатат. Мындан сырткары, Кошмо Штаттар П
Жаңылыктар түрмөгү
0