00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Спички и Транспортир
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстандын курулуш тармагына быйыл 101 жыл болот. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына ылайык, мындан 101 жыл мурда, 1925-жылдын 2-августунда Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин президиумунун чечими менен өлкөдөгү алгачкы мамлекеттик курулуш органы — Кыргыз мамлекеттик курулуш конторасы түзүлгөн. Бул дата Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин тарыхынын башаты катары белгиленип келет. Курулуш министрлигинен белгилешкендей, бир кылымдан ашуун убакыт ичинде тармак өнүгүүнүн ар кыл баскычтарын басып өтүп, бүгүнкү күндө өлкөнүн курулуш саясатын ишке ашыруучу негизги мамлекеттик органга айланды. 101 жылдык тарых — бул жоопкерчилик, үзгүлтүксүз өнүгүү жана мамлекет менен бирге курулган келечек. Ошондой эле миңдеген куруучулардын, архитекторлордун, инженерлердин жана тармактын адистеринин эмгеги менен жазылган тарых. Учурда министрлик өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик курулуш саясатын ишке ашырып, сапаттуу, коопсуз жана заманбап курулуш тармагын өнүктүрүү багытында ишин улантууда.
Быйыл Кыргызстанда алгачкы жолу суудагы “Формула-1” мелдештери өтүүдө. Зарыл болгон инфраструктураны түзүүгө эки ай убакыт кеткендигин “Кабар” агенттигине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев билдирди. Анын айтымында, суудагы “Формула-1” келечектүү спорт түрү болуп саналат. “Биз аны мамлекеттик реестрге киргизип, расмий түрдө спорттун түрү макамын ыйгардык. 2027-жылдан тарта мелдештерди түздөн-түз мамлекеттик агенттик өзү өткөрөт”, — деди ал. Асанбаев спорттун бул түрү үчүн керектүү база буга чейин эле түзүлгөнүн белгиледи. “Эми спортчуларды каржылоо маселесин чечүү керек. Бул үчүн өзүнчө бюджет каралат, мелдештер бирдиктүү календардык планга киргизилет жана мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөт”, — деп айтты ал.
2-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп жаткан "Биримдик кербени" аттуу 40 күндүк улуттук жүрүшү Ош шаарына жетти. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ири долбоор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, улуттук биримдикти, маданий мурастарды жана аймактар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган. Ноокат жана Араван районунан келген кербенди Ош шаарынын кире беришинен шаар жетекчилиги, маданият ишмерлери жана шаар тургундары салтанаттуу тосуп алышты. Кербендин катышуучулары өлкөнүн ар кайсы аймактарынан чогултулган булак сууларын алып келишти. Белгилей кетсек, "Биримдик кербени" 40 райондон суу чогултуп, Ысык-Көлдө өтө турган "40 уук – бир түндүк" иш-чарасында бир казанга бириктирет. Долбоор 25-июлдан 2-сентябрга чейин уланып, ага 400дөн ашуун адам катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0