00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Борбор Азия дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара өткөрүүгө даяр аймак экенин далилдеди.Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Мамлекет башчысы ошондой эле кесиптештерине колдоосу жана катышуусу үчүн ыраазычылыгынын айтты. Белгилей кетсек, 1-августта Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан UIM F1H2O “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышышты. Бул дүйнөлүк спорттогу эң абройлуу, кызыктуу жана жогорку технологияларга негизделген мелдештердин бири. Эл аралык мелдешке дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн - Бириккен Араб Эмираттары, Австралия, Канада, Эстония, Финляндия, Франция, Италия, Норвегия, Польша, Португалия, Швеция, Улуу Британия жана АКШдан келген суудагы Formula 1 H2O боюнча эң күчтүү 18 спортчу катышууда.
Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорт министрлери Талантбек Солтобаев жана Илхом Махкамов Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун негизги курулуш объектилерин кыдырып, кантип ишке ашып жатканын көрүштү.Иш сапардын алкагында министрлер тоннелдерди, көпүрөлөрдү жана башка инженердик курулмаларды кыдырды. Ошондой эле курулуш иштеринин учурдагы абалы, алдыдагы этаптар жана долбоорду белгиленген мөөнөттө ишке ашыруу боюнча талкуу болду.Тараптар курулуш иштерине тартылган адистер жана жооптуу кызматкерлер менен жолугуп, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, курулуштун сапаты жана алдыдагы иштер боюнча пикир алышты.Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, логистикалык дараметин жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн эл аралык транспорттук коридордогу стратегиялык ролун бекемдөөгө багытталган ири инфраструктуралык долбоор.
2024–2026-жылдары Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызматтарга дайындалган аялдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Ынтымак Ордодо” өткөн Улуттук кеңештин жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы аялдардын лидерлигин колдоо жана аларды мамлекеттик башкаруу системасына тартуу максатында муниципалдык жана региондук кадрлар резервин түзүү иштери жүргүзүлгөн. Бирдиктүү резервге акимдер, алардын орун басарлары, шаар мэрлери жана алардын орун басарлары, ошондой эле айыл өкмөт башчылары киргизилген. “Жалпысынан 743 талапкер кадрлар резервине киргизилип, анын 100ү аялдар болду. Бул жалпы резервдин 13,46 пайызын түзөт.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран боюнча келишим даярдалып жаткандыктан, өлкөгө жасала турган чабуулдарды токтотууну чечкенин РИА Новости жазды.Бул тууралуу АКШ лидери социалдык баракчасына жазган.Анын айтымында, ушундай эле чечимди Израиль дагы кабыл алган. Ошондой эле ал АКШ армиясы жаңы соккуларды жасоого даяр турганын белгиледи.Президенттин сөзүнө караганда, мүмкүн болгон келишимде Ормуз кысыгын ачуу жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашуулар камтылат.8-июлга караган түнү АКШ Ормуз кысыгындагы соода кемелерине кол салды деген жүйө менен Иранга кайрадан сокку урган. Тегеран муну мурда жетишилген келишимдерди бузуу катары баалап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык объектилерге жооп иретинде чабуул жасай баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0