00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Саркынды суулар заманбап технологиялар менен тазаланууда: аны сугат иштерине пайдаланууга болобу?
15:08
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп кадр
Сезимдер сүйлөгөн учур: жаңы "Сезимдер" тасмасы
17:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Спички и Транспортир
Андрей Рублёв – язык веры и искусства
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мохаммед бин Заед Аль Нахайян 1-августта Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты.Саясий диалогдун оң динамикасы, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, санариптик, туристтик жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыктын ырааттуу кеңейиши, ошондой эле эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экени баса белгиленди. Кыргызстандын жетекчилиги ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болгон Бириккен Араб Эмираттары менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө туруктуу берилгендигин ырастады. Өз кезегинде эмират тарап эки мамлекеттин жана алардын элдеринин кызыкчылыгы үчүн достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Камбаралы Конгантиев кайсы гана кызматта иштебесин, өзүнүн терең билими, жогорку кесипкөйлүгү, мол тажрыйбасы, принциптүүлүгү, тандап алган кесибине берилгендиги, адамгерчилиги менен айырмаланган. Бул тууралуу бийликтин некрологунда жазылган. Белгилүү мамлекеттик ишмер, өлкөнүн эмгек сиңирген юристи, мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты Камбаралы Конгантиев 79 жашында дүйнөдөн кайтты.Ал 2005-жылы Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, ушул эле жылдын ноябрынан 2007-жылдын мартына чейин өлкөнүн башкы прокурору болгон. Кийинки жылдары президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген. Ошондой эле мамлекет башчынын кеңешчиси кызматын аркалаган.Белгилей кетсек, Камбаралы Конгантиевдин бир тууганы Молдомуса Конгантиев мурда Кыргызстандын ички иштер министри болгон. Ал эми уулу Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеп, кийин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2024-25-жылдары Россиядан 39 бала мекенине кайтарылды. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодо" өткөн улуттук кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы билдирди. Орун басар анда мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган балдарды мекенине кайтаруу жана аларды колдоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, алардын айрымдары биологиялык ата-энелерине берилсе, айрымдары асыроого берилген. “2024-жылы Россиядан 21 бала Кыргызстанга кайтарылып, алардын 16сы биологиялык ата-энесине өткөрүлүп берилсе, 5 бала асыроого жайгаштырылган. Ал эми 2025-жылы дагы 18 бала мекенине кайтарылып, алардын 14ү биологиялык ата-энесине, төртөө асыроого берилген”,-деди Ысатбек кызы.
Владимир Зеленский менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кайым айтышып кетишкенин The Washington Post жазды. Маалыматка ылайык, алар Вашингтондо сенатор Линдси Грэмди акыркы сапарга узатуу зыйнатында көрүшкөн. Бирок алардын талашы кайсы темада болгону белгисиз.Басылма 2023-жылы Израилдин премьер-министри Украинага абадан жана ракетадан коргонуу системасынын батареяларын берүүгө тыюу салганын эске салган. Ал өзүнүн чечимин Вашингтон менен биргелешкен өндүрүш боюнча келишимдин шарттарына байланыштуу деп түшүндүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0