00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп кадр
Сезимдер сүйлөгөн учур: жаңы "Сезимдер" тасмасы
17:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Спички и Транспортир
Андрей Рублёв – язык веры и искусства
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Окуу жылы 15-сентябрда башталганына карабастан, мугалимдер сентябрдын маянасын толук алышат. Маалыматты Sputnik агенттигине Агартуу министрлиги тастыктады.Буга чейин ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам быйыл мектептер 15-сентябрдан тарта иштээри айтылган. Кийин агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда эми окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталышы мүмкүндүгүн, азыр демилге талданып жатканын айткан.
Караколдогу аэропорт августта алгачкы эл аралык техникалык каттамды кабыл алат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирди.Маалымдалгандай, учурда аба майдандын учуп-конуу тилкесин узартуу долбоору 95 пайызга аяктады.Ошондой эле ишкана туруктуу эл аралык каттамдарды ачуу боюнча авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кошумчаланды.
Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдө оор жүк ташуучу унаалар менен ташылган бардык товарларга навигациялык пломбаларды колдонуу милдеттүү болуп калды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.Маалымдалгандай, бул ЕАЭБде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн колдонулуучу пломбалар тууралуу макулдашуунун экинчи этабынын күчүнө кириши менен байланыштуу. Буга чейин навигациялык пломбалар санкцияга кабылган товарларды, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди, никотин камтыган продукцияларды, кийим-кече, бут кийим жана техниканы автомобиль транспорту менен ташууда колдонулуп келген.Ошондой эле эми темир жол аркылуу ташылган кийим-кече, бут кийим жана техникаларга да навигациялык пломбаларды колдонуу милдеттүү болот. Буга чейин темир жолдо мындай талап алкоголь, тамеки продукцияларына жана санкциялык товарларга гана тиешелүү эле.
Россиянын БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу берген эки тоннага жакын жардамы Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларга келип түштү.Көмөктү өткөрүп берүү аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чыңгызбек Мамат уулу, аталган программанын КРдеги жетекчисинин орун басары Секжин Хан катышты. Бул сапар Россия байытылган 1755 тонна ун, 202,3 тонна өсүмдүк майын берди.Баш-аягы 850дөн ашык үй-бүлө дарыянын жээгин бекемдөө, сугат системаларын калыбына келтирүү, суу жеткирүү, бак тигүү жана башка иштер боюнча долбоордо иштеп, акысына аталган азыктарды алмакчы.БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан Россия Кыргызстандын ири донордук уюму экенин айтышты. Соңку 15 жыл ичинде тараптар калктын социалдык жактан аялуу катмарына шашылыш жардам көрсөтүү жана колдоо боюнча программаларды биргеликте ишке ашырып келе жатат.
АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары көрсөткөн сүрөттү жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. АКШ лидери социалдык баракчасына жазган билдирүүсүндө Венесуэланын аймагы АКШнын желегинин түстөрүнө боёлгон картаны бөлүшкөн. Буга чейин Трамп АКШ Венесуэланын мунайын сатуудан “миллиарддаган доллар киреше таап жатат” деген. Ошондой эле Венесу
Жаңылыктар түрмөгү
0