https://sputnik.kg/20260803/1102758858.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда соттолгондор жабыркагандарга келтирген зыянды так белгиленген убакыттын ичинде төлөөгө милдеттендирилет. Бул тууралуу Юстиция министрлиги айрым... 03.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-03T11:00+0600
2026-08-03T11:00+0600
2026-08-03T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/03/1102758692_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_01718873339cd11f5cec90cb6b8d0aad.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда соттолгондор жабыркагандарга келтирген зыянды так белгиленген убакыттын ичинде төлөөгө милдеттендирилет. Бул тууралуу Юстиция министрлиги айрым мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштаган документте айтылды. Коомдук талкууга илинген долбоорго ылайык, соттолгон адам зыяндын ордун жаза мөөнөтүнүн же пробация мөөнөтүнүн жарымынан ашпаган убакыт ичинде төлөп бериши керек болот. “Мисалы, жаран эки жылга кесилген болсо, анда ал жабырлануучуга келтирилген зыянды алгачкы бир жылдын ичинде төлөп бүтүрүүгө тийиш. Үч жылдык пробация берилсе, компенсация 1,5 жыл ичинде төлөнүшү керек”, — деп айтылат долбоордо. Министрликтин айтымында, азыр айрым карызкорлор милдеттенмелерин аткаруудан качып, жабыркагандардын укугун калыбына келтирүүгө тоскоол болуп жатат.
Кыргызстанда биринчи жолу өткөн “Суудагы Формула-1” мелдешинин баш байгесин азыркы дүйнө чемпиону Шон Торренте утуп алды. Victory Team командасынын америкалык пилоту жеңүүчү болсо, экинчини швециялык Эрик Старк, ал эми үчүнчү орунду норвегиялык Марит Стрёмой ээледи. UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Grand Prix of Kyrgyzstan этабы Бает айылында, 7 повороттук буй орнотулуп, атайын даярдалган 1 929 метрлик трассада өттү. Мелдешке 13 өлкөдөн 8 эл аралык команда жана 18 пилот катышты. Чемпионаттын этабы деңиз деңгээлинен 1 607 метр бийиктикте өткөндүктөн Кыргызстандагы F1H2O мелдешинин тарыхындагы эң бийик тоолуу этап болуп калды. Спортчулар саатына 250 чакырымга чейин ылдамдык менен жүрүүчү жана саатына 100 чакырымга чейинки ылдамдыкты 3 секунддан аз убакта топтоого жөндөмдүү жогорку технологиялуу жарыш катамарандарында күч сынашышты.
Кыргызстанда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кыскартууга 20 жыл тыюу салуу сунушталууда Бул боюнча президенттин жарлыгынын долбоорун Жаратылыш ресурстары министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, соңку жылдары жолдорду, башка курулуштарды жана кен казуу иштерин жүргүзүү үчүн корголуучу аймактардын жерин кыскартуу сунуштары көбөйүп барат. Адистердин айтымында, мындай өзгөрүүлөр жаратылышка зыян келтирип, сейрек кездешкен өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө коркунуч жаратышы мүмкүн.
АКШ менен Иран ушул дүйшөмбүдө эле сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдирди. "Азыр биз алар менен сүйлөшүү форматында диалог жүргүзүп жатабыз. Сүйлөшүүлөр түштөн кийин башталат", — деди ал учакта баратып журналисттерге. Саясатчы жолугушууга кимдер катышарын жана анын кайсы жерде өтөрүн тактаган жок. Ошондой эле Трамп келишим түзүү үчүн акыркы мөөнөттү (дедлайн) белгилөөнү көздөбөй турганын кошумчалады. Мамлекет башчысынын айтымында, Ормуз кысыгы боюнча келишим даярдалып жатат. Андан кийин Жакынкы Чыгыштагы өлкөнү өзөктүк куралдан арылтуу боюнча макулдашууга жетишүү күтүлүүдө. 8-июлга караган түнү АКШ Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге кол салды деген жүйө менен Иранга кайрадан сокку урган. Тегеран муну мурда жетишилген макулдашууларды бузуу катары баалап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык объектилерге жооп иретинде сокку урган. Чыр-чатактын кайра күчөшү тараптар жаңжалды токтотууну караган меморандумга кол койгондон үч жума өткөндөн кийин болгон.
Кыргызстанда соттолгондор жабыркагандарга келтирген зыянды так белгиленген убакыттын ичинде төлөөгө милдеттендирилет. Бул тууралуу Юстиция министрлиги айрым мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштаган документте айтылды. Коомдук талкууга илинген долбоорго ылайык, соттолгон адам зыяндын ордун жаза мөөнөтүнүн же пробация мөөнөтүнүн жарымынан ашпаган убакыт ичинде төлөп бериши керек болот. “Мисалы, жаран эки жылга кесилген болсо, анда ал жабырлануучуга келтирилген зыянды алгачкы бир жылдын ичинде төлөп бүтүрүүгө тийиш. Үч жылдык пробация берилсе, компенсация 1,5 жыл ичинде төлөнүшү керек”, — деп айтылат долбоордо. Министрликтин айтымында, азыр айрым карызкорлор милдеттенмелерин аткаруудан качып, жабыркагандардын укугун калыбына келтирүүгө тоскоол болуп жатат. Кыргызстанда биринчи жолу өткөн “Суудагы Формула-1” мелдешинин баш байгесин азыркы дүйнө чемпиону Шон Торренте утуп алды. Victory Team командасынын америкалык пилоту жеңүүчү болсо, экинчини швециялык Эрик Старк, ал эми үчүнчү орунду норвегиялык Марит Стрёмой ээледи. UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Grand Prix of Kyrgyzstan этабы Бает айылында, 7 повороттук буй орнотулуп, атайын даярдалган 1 929 метрлик трассада өттү. Мелдешке 13 өлкөдөн 8 эл аралык команда жана 18 пилот катышты. Чемпионаттын этабы деңиз деңгээлинен 1 607 метр бийиктикте өткөндүктөн Кыргызстандагы F1H2O мелдешинин тарыхындагы эң бийик тоолуу этап болуп калды. Спортчулар саатына 250 чакырымга чейин ылдамдык менен жүрүүчү жана саатына 100 чакырымга чейинки ылдамдыкты 3 секунддан аз убакта топтоого жөндөмдүү жогорку технологиялуу жарыш катамарандарында күч сынашышты. Кыргызстанда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кыскартууга 20 жыл тыюу салуу сунушталууда Бул боюнча президенттин жарлыгынын долбоорун Жаратылыш ресурстары министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, соңку жылдары жолдорду, башка курулуштарды жана кен казуу иштерин жүргүзүү үчүн корголуучу аймактардын жерин кыскартуу сунуштары көбөйүп барат. Адистердин айтымында, мындай өзгөрүүлөр жаратылышка зыян келтирип, сейрек кездешкен өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө коркунуч жаратышы мүмкүн.АКШ менен Иран ушул дүйшөмбүдө эле сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдирди. "Азыр биз алар менен сүйлөшүү форматында диалог жүргүзүп жатабыз. Сүйлөшүүлөр түштөн кийин башталат", — деди ал учакта баратып журналисттерге. Саясатчы жолугушууга кимдер катышарын жана анын кайсы жерде өтөрүн тактаган жок. Ошондой эле Трамп келишим түзүү үчүн акыркы мөөнөттү (дедлайн) белгилөөнү көздөбөй турганын кошумчалады. Мамлекет башчысынын айтымында, Ормуз кысыгы боюнча келишим даярдалып жатат. Андан кийин Жакынкы Чыгыштагы өлкөнү өзөктүк куралдан арылтуу боюнча макулдашууга жетишүү күтүлүүдө. 8-июлга караган түнү АКШ Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге кол салды деген жүйө менен Иранга кайрадан сокку урган. Тегеран муну мурда жетишилген макулдашууларды бузуу катары баалап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык объектилерге жооп иретинде сокку урган. Чыр-чатактын кайра күчөшү тараптар жаңжалды токтотууну караган меморандумга кол койгондон үч жума өткөндөн кийин болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/03/1102758692_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c86637bcc2a1837defdac72d799a25d0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио