БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө кар жаады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsАpp-каналы аркылуу күбөлөр билдирип, сүрөт жөнөтүштү.
© Фото / Аида Ишенбек кызыСнегопад в долине Ак-Сай
Снегопад в долине Ак-Сай
© Фото / Аида Ишенбек кызы
Жайлоодогу койчулардын айтымында, кар кечээ жаап, бүгүн кайра эрип кеткен.
"Кар эриген, бирок азыр кайра жаай баштады. Сыртта суук", — деп жазышкан күбөлөр.
Ат-Башы районунун акими Жакып Субакожоев маалыматты тастыктап, жайлоого бир сантиметрдей кар түшкөнүн кошумчалады.
"Аксайдын Кароол-Дөбө деген жерине жааптыр. Райондук ӨКМ кызматкерлеринин айтымында, күн бүркөө экен. Жайлоого чыккан малдын көбү жакага түшүп бүтүп калган", — деди Субакожоев.
Эске салсак, ушул жылдын май айында Ак-Сай өрөөнүнө күтүүсүз кар жаап, 200 кой кырылган.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган өрөөнгө кышы-жайы дебей кар жаай берет.