Ош: бакчадан оозу көгөрүп келген 4 жашар баланын энеси милицияга кайрылды

© AFP / LOIC VENANCEБала бакчадагы өспүрүм. Архив
Бала бакчадагы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттук-медициналык экспертиза баланын денесине жеңил залал келтирилген деген тыянак чыгарды

ОШ, 5-сен. — Sputnik. Ош шаарында №48 "Гүлдесте" бала бакчасына барган 4 жаштагы баланын энеси милицияга кайрылып, уулунун оозу көгөрүп келгендиги боюнча арыз жазды. Бул маалыматты шаардык милициядан тастыкташты.

Ага ылайык, окуя 25-августта болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

"Баланын энеси милицияга кайрылгандан кийин соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Алгачкы корутундусу боюнча баланын денесине жеңил залал келтирилген. Бирок жабырлануучу тараптын жактоочусу соттук-медицининалык экспертизанын жыйынтыгы менен макул эместигин билдирген", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кайрадан экспертиза дайындалган. Учурда териштирүү улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0