БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кувейтте эскирип калган балыктарды жаңы эле кармалган деп алдап саткан дүкөн жабылды. Бул тууралуу The Huffington Post басылмасы жазды.
Ага ылайык, сатуучулар балыктарга жасалма желим көздөрдү чаптап, аны "жаңы" деп алдаганга аракет кылышкан.
وزارة التجارة تغلق محلا لبيع الأسماك يضع عدسات مزيفة للأسماك لتبدو على انها طازجة! pic.twitter.com/RCj7roilWT
— جريدة بيان الكويتية (@Bayan_kw) 1 сентября 2018 г.
Тургундар балыктарга жасалма көз чапталганы боюнча билдирүүлөрдү социалдык тармактарга чыгарышкандан кийин бул алдамчылыктын бети ачылган.
Кийин бул окуяга өлкөнүн соода министрлиги кийлигишип, дүкөн толугу менен жабылган.