БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Борбор калаанын чет жакасында триатлон боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 16-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортуна жакын жерде уюштурулат. Анда катышуучулар 750 метрге сууда сүзүп, 20 чакырымды велосипед менен өтүп, беш чакырымга чуркашат.