Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. 25-августта республиканын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +25…+30 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +21…+26 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы +28…+30 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0