БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстанда эл аралык жаштар форум-лагери өз ишин баштады. Бул тууралуу Жаштарды өнүктүрүү институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Jashtyk: жаңы идеялар аймагы" аталышындагы иш-чара Чүй облусунун Ак-Суу капчыгайында 17-августтан 30-августка чейин өтөт. Ага кыргызстандык жана чет элдик 500гө жакын кыз-улан чогулуп, тоо арасында түрдүү тармактарга тиешелүү долбоорлорду талкуулашат.
Ошондой эле жаштар белгилүү инсандар менен жолугуп баарлашат.