Бишкектин мэри Азиз Суракматов орун басарларын дайындады

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрдин эки орун басары жана аппарат жетекчиси алмашты.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өзүнүн эки орун басарын жана жана аппарат жетекчисин дайындады. Бул тууралуу калаа бийлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Представление коллективу мэрии города Бишкек Азиза Суракматова - Sputnik Кыргызстан
Премьер Азиз Суракматовду мэриянын жамаатына тааныштырды. Сүрөт
Билдирүүгө ылайык, мурун Финансы министринин орун басары болуп иштеген Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэр болду. Бул кызматты буга чейин Ренат Макенов аркалап келген.

Вице-мэр Эркинбек Исаковдун ордуна "Тазалык" муниципалдык ишканасын башкарган Рыспек Сарпашев бекитилди.

Ал эми мэриянын аппаратын "АЮ холдинг" компаниясынын вице-президенти Балбак Түлөбаев жетектейт.

Эске сала кетсек, 8-августта борбор калаанын 14-мэри болуп Азиз Суракматов шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0