Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКаньон "Сказка" в Иссык-Кульской области
Каньон Сказка в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бейшемби күнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +29…+34 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көл облусунда +22…+27, Нарында +26…+31 градус ысык болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ош шаарында +33…+35, Бишкекте +32…+34 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0