БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жалал-Абадда автоинспекторду койдуруп алып качып кеткен айдоочу табылып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан (ЖКККББ) кабарлашты.
Окуя 9-августта болгон. Болжол менен саат 11:30дар чамасында Жалал-Абад облустук ЖККББнын кызматкери Асанов Opel Astra автоунаасын шектүү көрүнгөндүктөн токтотууга аракет кылган. Буга жооп иретинде айдоочу токтоп, кайра артка айдап автоинспекторду койдуруп, качып кеткен.
Кырсык болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чакырылып, автоинспекторду облустук ооруканага жеткиришкен.
Аталган факты боюнча Жалал-Абад облустук милициясы Кылмыш кодексинин 34-беренесинин негизинде ("Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү") иш козголгон. Айдоочу Жалал-Абад облустук убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Милициянын жабырланган старшинасы Асанов ички иштер органында 2011-жылдан бери иштеп келе жаткандыгын, учурда ооруканада экендигин кошумчалашты.