БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкекте Манас проспектисинин Бөкөнбаевден Горькийге чейинки бөлүгү жабылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, жолдун көрсөтүлгөн бөлүгүн бүгүн жабуу пландалууда. 28-августка чейин проспектинин асфальты менен бордюрлар жаңыртылат.
Панфилов (проспектинин чыгыш тарабы) менен Бакаев (батыш тарабы) көчөлөрү жабылган участок үчүн айланма жол болуп бермекчи. Мамлекеттик каттоо кызматына келе турган жарандарга Горький көчөсү менен кирүүгө мүмкүнчүлүк берилет.