БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бостери айылында такси айдоочусу Санкт-Петербург шаарынан келген 30 жаштагы туристти жана анын жети жаштагы кызын сабап салган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББинен маалымдашты.
Билдирмеге караганда, арыз 29-июлда түшкөн.
"Жабырлануучу өзүнүн арызында 28-июль күнү кызы менен Бостери айылынан Чолпон-Атага баруу үчүн таксиге отурганын жазган. Жолдон айдоочу дагы башка жүргүнчүлөрдү ала баштаган. Турист унааны ылдамыраак айдоону өтүнгөндө ортодо пикир келишпестик жаралган. Ачууланган айдоочу унаасын токтотуп жүргүнчүнү жана анын кызын ур-токмокко алган", — деп айтылат маалыматта.
Кийин таксист аларды ошол жерге таштап кетип калган. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Укук коргоо органдары таксистти колго түшүрүү үчүн атайын иш-чараларды жүргүзүп жатат.