АКШдан саясий башпаанек алган Элнура Молдокадырова менен Ренат Самудинов өлкөгө мыйзамсыз кирген иммигранттар кармала турчу жайдагы шарттар тууралуу видео кайрылуусунда айтып беришти.
Жубайлар саясий башпаанек алгандан кийин аларга көптөгөн тааныштары жана башка кишилер жазып, байланышып, иммигранттар кармалып турган жайдагы шарттар тууралуу сурашкан. Андыктан алар 8 ай бою кармалып турган атайын жай тууралуу видео кайрылуудан айтып берүүнү эп көрүшкөн.
Молдокадырова алар саясий башпаанек алган биринчи кыргызстандыктар эмес экенин, бирок биринчи журналист жана саясатчы экенин айтат.
"Бизге көптөгөн кишилер кайрылып, жазып жатышат. Андыктан биз 8 ай бою кармалып турган жайдагы тамак-аш, медициналык жардам, кармоо шарты тууралуу атайын блог жасоону чечтик. Ал жактагы кызматкерлердин башкаларга болгон мамилеси тууралуу да өзүнчө айтып беребиз", — дейт Молдокадырова.
Жубайлардын айтымында, атайын жайдын ичинде чиркөө жана мечит да бар. Анткени бул жайда адамдардын дин тутуу эркиндиги сыйланат.
"Ал жер жабык болгондуктан киши бардык тарабынан өскүсү, өнүккүсү келет. Буга чейин кудайга ишенбегендер ишенип баштайт, ишенип келгендердин ишеними дагы да тереңдейт", — дейт Молдокадырова.
Июнь айынын аягында Ринат Самудиновдун видео кайрылуусу интернетке жарыяланып, ага саясий кысым болгондуктан Кыргызстандан чыгып кетүүгө туура келгенин айткан болчу.