00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атактуу болом деп ойлогон эмесмин. Дарбазачы Миньоленин футболкасын сураган Арсен

© Фото / предоставлено Арсеном АлтыбаевымКыргызстанец Арсен Алтыбаев на матче Бельгия — Япония в Ростове-на-Дону
Кыргызстанец Арсен Алтыбаев на матче Бельгия — Япония в Ростове-на-Дону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык медиада Бельгиянын курама командасы жана "Ливерпулдун" дарбазачысы Симон Миньоледен футболка сураган кыргызстандык күйөрман кызуу талкууга түштү.

Дарбазачы Twitter баракчасынан күйөрманын табышууга көмөктөшүүнү өтүнүп кайрылган.

Мекендешибиз азыркы тапта Ростов-на-Дону калаасында, ал эми кечээги Бельгия жана Япониянын ортосундагы мелдеште ал көрүүчүлөр арасында болгон. "Mignolet can I have u'r t-shirt?" деген плакат менен көзгө урунган күйөрман кыргызстандык студент Арсен Алтыбаев болуп чыкты. Sputnik Кыргызстан ал менен байланышып, окуя туурасында учкай маек курду.

© Фото / предоставлено Арсеном АлтыбаевымКыргызстанец Арсен Алтыбаев на матче Бельгия — Япония
Кыргызстанец Арсен Алтыбаев на матче Бельгия — Япония - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанец Арсен Алтыбаев на матче Бельгия — Япония

— Оболу өзүңүз жөнүндө билсек…

— 21 жаштамын. Кипрде банкирлик боюнча билим алам. Топ артынан кубалаганды жактырам. Аябагандай кызык деле эч нерсем жок. Бишкекке каникулда келип турам. Кышында бир-эки жума жана жайкысын эки-үч айча жүрүп кетем. Ростовдо азыр апам жана агам менен эс алып жүрөбүз.

— Футболдук мелдешке кантип күбө болуп калдыңыз?

— Бельгия жана Япониянын оюнуна атайын баргам. Көптөн бери пландап, былтыр күздө эле билет сатып алган элем. Россияда өтөрүн билгенде эле дүйнөлүк чемпионатка барууга ниеттенгем.

 

— Талкуулап, сизди издеп жатышканда кандай сезимдерге кабылдыңыз?

 

— Кызык, түшүнүксүз бир сезим. Кумириме болгон өтүнүчүм мынчалык дүң болуп кетери, эл арасында кепке алынары ойго келген эмес. Болору болду. Буга анчалык деле маани бербейм.

— Миньоле менен байланыша алдыңызбы? Ал сизди трибунадан көрдүбү?

— Машыгуу маалында футболчулар бизди көрүп, кол чабышкан. Миньоле дагы көрсө керек, биз тарапка бурулуп, алакан чапкан. Жакындап келет го деп ойлогом, бирок ал антпеди. Машыгуунун тартиби ошондой окшойт, алагды болбоо талабы бар өңдөнөт. Балким андан соң трибунага чуркап барса керек, агезде мен ал жакта жок элем. Twitter" баракчаман ага жаздым, бирок негедир мени бөгөттөп коюшту. Туугандарым, досторум да байланышууга аракеттенишүүдө.

 

— "Ливерпулдун" күйөрманы болуп, бул дарбазачыны жактырат окшойсуз?

 

— "Ливерпулдун" ашкан күйөрманымын. Дарбазачы Миньоле чындап эле мыкты, Карриустан да кыйын. Тамаша.

— Башка өлкөлөрдөн келген күйөрмандар менен тааныштыңызбы? Жеке баамыңызда кай жактан келгендер мыкты экен?

— Бардык күйөрмандар укмуш, 110 пайызга далалаттана, үндөрү бүткүчө кыйкырып өз командаларын кубаттап жатат. Бирок "Ливерпулдун" күйөрмандары баарынан кыйын экен.

 

— Россияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын уюштуруу жагы боюнча эмне айта аласыз?

 

— Эң мыкты дүйнөлүк мелдеш. Баары жайдары, ырдап, бийлеп жүрүшөт. Эң жогорку деңгээлде уюштурулган. Ыктыярчылар туурасында эми сөз жок, ишинен ошончолук ырахат алган адамдарды мен мурда көргөн эмесмин.

Жаңылыктар түрмөгү
0