БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкектеги кош бойлуу келинди дарыгерлер кабыл албай койгондуктан №2 төрөткананын эшигинин алдында төрөп койду. Бул тууралуу күбө Instagram тиркемесиндеги OMKS баракчасында маалымдаган.
Күбө видеону анын иниси тарткандыктан келиндин жанына баруудан тартынганын белгиледи.
"Келин №2 төрөткананын алдында асфальттын үстүндө төрөдү. Андан кан кетип жатса да дарыгерлер көңүл бурган эмес", — деп күбө билдирген.
Ал ошондой эле окуя бүгүн, 3-июлда, болгонун кошумчалаган.
Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.