Жээнбеков: ар бир чиновниктин декларациясы жекече текшерилсин!

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен кезектеги жумушчу жыйын өткөргөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен кезектеги жумушчу жыйын өткөргөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-июлдан тартып мамлекеттик кызматкерлердин тапшырган декларациясы текшерүүгө алынат.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен кезектеги жумушчу жыйын өткөргөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен кезектеги жумушчу жыйын өткөргөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен кезектеги жумушчу жыйын өткөргөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен кезектеги жумушчу жыйын өткөргөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет жетекчиси Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин өз убагында аткарууда катчылыктын ролу чоң экенин жана жоопкерчилигин белгиледи
Мамлекет жетекчиси Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин өз убагында аткарууда катчылыктын ролу чоң экенин жана жоопкерчилигин белгиледи - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мамлекет жетекчиси Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин өз убагында аткарууда катчылыктын ролу чоң экенин жана жоопкерчилигин белгиледи
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАнын айтымында, Коопсуздук кеңешинин жыйынында сот системасынын, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жана башка мамлекеттик органдардагы кемчиликтер, алардагы коррупциялык көрүнүштөр ачык аталып, коомчулукка чыгарылган.
Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин жыйынында сот системасынын, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жана башка мамлекеттик органдардагы кемчиликтер, алардагы коррупциялык көрүнүштөр ачык аталып, коомчулукка чыгарылган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин жыйынында сот системасынын, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жана башка мамлекеттик органдардагы кемчиликтер, алардагы коррупциялык көрүнүштөр ачык аталып, коомчулукка чыгарылган.
1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен кезектеги жумушчу жыйын өткөргөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
2/3
Мамлекет жетекчиси Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин өз убагында аткарууда катчылыктын ролу чоң экенин жана жоопкерчилигин белгиледи
3/3
Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин жыйынында сот системасынын, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жана башка мамлекеттик органдардагы кемчиликтер, алардагы коррупциялык көрүнүштөр ачык аталып, коомчулукка чыгарылган.

Мамлекет жетекчиси Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин өз убагында аткарууда катчылыктын ролу чоң экенин жана жоопкерчилигин белгиледи. Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин жыйынында сот системасынын, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жана башка мамлекеттик органдардагы кемчиликтер, алардагы коррупциялык көрүнүштөр ачык аталып, коомчулукка чыгарылган.

Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК - Sputnik Кыргызстан
Коррупциядан саясий өч алууга чейин. Жээнбековдун кайрылуусундагы орчундуу ойлор
Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу боюнча жумуш жасалганы менен аткарылчу көп иштер бар экенин айткан президент коррупцияны жоюунун алкагында ар бир мамлекеттик орган боюнча тиешелүү талдоо даярдоону тапшырды.

Жээнбеков 2018-жылдын 1-июлунан тартып декларациялык кампания башталганын эске салып, бардык мамлекеттик кызматкерлердин киреше жана чыгымы тууралуу декларациясын кылдат текшерүү зарылдыгын эскертти.

"Ар бир министрликте жана ведомстводо коррупциялык схемалар барбы-жокпу, ар бир чиновникти жекече текшергиле. Дагы бир жолу кайталайм — коррупцияга каршы күрөш кимдин кандай чини бар экенине жана кандай кызматты ээлегенине карабастан катуу жүргүзүлүшү керек. Жарандар коррупцияны жоюу боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жана катуу чараларды күтүүдө", — деди өлкө башчысы.

Ал ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгы калктан келип түшкөн ар бир арыз жана катты иликтеп, анын үстүндө иштеши керектигин, текшерүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

"Бир да арыз же кат көңүл сыртында калбашы керек. Ар бир жаранды кабыл алып, маселесин чечкиле. Мамлекеттик органдардын жоопторунда будамайлоо болбошу зарыл", — деди президент.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин Чечимин ишке ашыруу тиешелүү деңгээлде жүрүп жатканын айтып берди. Ал эми текшерүүнүн алгачкы жыйынтыктары 2018-жылдын сентябрь-октябрь айларында жарыяланарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0