БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ыссык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайлов айылында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда сүт ташыган унаа менен чиркегич сүйрөп бараткан трактор кагышкан. Кырсыктын кесепетинен сүт ташыган унаанын айдоочусу мерт болгон. Жеринде жол инспекторлору иш алып барууда. Материалдар тергөө органдарына өткөрүп берилет.