БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун бир тууган агасы Дөөлөтбек Момбеков каза болду. Бул тууралуу эл өкүлүнүн жакындары билдирди.
Дөөлөтбек Момбеков 52 жашында 8-июнь күнү узакка созулган оорудан улам көз жумган. Маркумдун сөөгү 9-июнь күнү Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында жерге берилген.
Эске салсак, Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына КСДПдан депутат болуп келген.