Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкөнүн айрым аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-июнда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Чүйдө 15…20, Таласта 14…19 градус жылыса, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 22…27 градус нөлдөн жогору болору күтүлүүдө. Ал эми Ысык-Көлдө 20…25, Нарында 21…26 градус ысык болот.

Бишкекте абанын температурасы 18…20 градуска жетсе, Ош шаарында 25…27 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0