БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда эки буйрук чыгарып башкы прокурордун биринчи орун басарын кызматтан алып, анын ордуна башкасын дайындады. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, башкы прокурордун биринчи орун басары Бөкөнбай Казаков башка ишке которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Нурлан Дарданов дайындалды.