Талыкпаган эмгек менен тоодой ийгиликтерди багынтса болорун баарыбыз билебиз. Ал эми эмгекке талант кошулганда убакыт да, көр оокат да жеңе албасын Марат Жантелиевдин чыгармачылыгынан көрсөк болот. "Мен ролго сүңгүп кирмейин аны жарата албайм" деген актер бирде жай сүйлөп, бирде Манас айтып жаткандай опурулуп же болбосо каармандарынын үнүн келиштире туурап маек куруп жатты. Актердун өмүр жолун угуп отуруп, тасма көргөндөй таасирде калдым.
— Марат байке, артист болуу балалык кыялыңыз беле же бул тармакка турмуштун агымы менен келип калдыңызбы?
— Эмнеден улам экенин деле билбейм, эс тарткандан баштап эле артист болом дей берчүмүн. Туугандардын бирин тарттым дейин десем, биздин тукумда деги эле артист бирөө-жарым болбоптур. Ата-энем экөө тең медик эле. Кыялкеч деле эмес болчумун. Көз айнекчен, пионер жагоомду чыкыйта байлап, кийинчерээк комсомол значогумду тагынып, жалаң "5"ке окуган окуучу элем. Ичкен жокмун, тамеки тарткан жокмун, ата-энемдин тарбиясы катуу болчу. Ал кезде эл кыдырып театр артисттери келчү, балким ошолорду көрүп, кинолорго таасирленип, бул кесиптин ээси болгум келгендир. Андагы атагы таш жарган артисттер Бакирдин Аалиев, Капар Медетбеков, Кеңеш Курманалиева, Койсун Карасартова, ушул адамдардын чыгармачылыгына кызыгып артист болуп калдым го деп ойлоп коем.
— Ата-энеңиз артист болушуңузга каршы болушкан жокпу?
— Мектепте жүрүп эле актердук билим алам дегенимде каршы чыгышты. Ага карабай ВГИКке өтүп кеттим. Өтүп алып, анан айттым. Мейли деп баталарын берип, беш жыл бою каржылап окутушту. Окууну бүтүп келээрим менен Төлөмүш Океевдин "Кожожаш" тасмасында Саяк деген баланын ролуна тартылып калдым. Андан соң биринин артынан бири фильмдерге чакырып жатышты. Ал кезде тасмалар көп тартылчу. Жетишпей калчубуз. Баткенде бир фильмге тартылып жатып, Караколго учак менен барып башка кинодо роль жаратып келген учурлар болгон. Бул 80-жылдар эле.
— Демек театрда эле 26 жылдан бери эмгектенип келе жатыптырсыз да. Учурдагы айлык маянаңыз канча?
— Мен театрда алдыңкы айлык алгандардын катарына кирем. Маянам — 6000 сом.
— Кошумча кирешеңиз барбы?
— Кошумча киреше тапкан бизнесим деле жок. Анча-мынча тартылган роликтерден же кинолордон алган гонорарларымды кошумча каражат деп эсептесек болот го, ээ? Театралдык окуу жайларына барып калганда артистикке окуп жаткан жаштарды көрүп кээде ушундай ой келет да. Эмнесине кызыгып булар актер, актриса болгусу келет? Кайра жообун өзүм берем, булар да мага окшогон өз кесибинин фанаттары да. Бир чети билим алып, анан артист болууга умтулуп жаткандарына кубанасың. Анткени учурда билимдүү артист болууга эмес, эптеп эле эл көзүнө көрүнүп, таанылып алууга куштар болгондор көп.
— Сиз өзүңүздү кандай артистмин деп эсептейсиз? Кайсы жанрды аткаруу өзүңүзгө жагат же театр менен кинонун кайсынысы сизге жакын?
— Артист бардык жанрды ойной билүүсү керек деп эсептейм. Биз окуп жүргөндө "трагедияны бардык адам ойной алат, элди ыйлатуу оңой, ал эми комедияны жаратуу кыйын" дешчү мугалимдерибиз. Жогоруда айткандай каражаттан кыйналып, жалгыз театрдын айлыгы менен жашап жүргөн жылдары элди аралап Айнура (Тургунбаева — ред.) экөөбүз Сакиш жана Бопуш деген каармандарды аткарып концерт коюп жүрдүк. Жашырганда эмне, бизге акча керек эле, жан багыш керек болчу, эл болсо башка жанрларга кызыкпайт экен. Ошондуктан биз куудул болуп, сатира жанрына ыктадык. Ал эми театр менен кинону ала турган болсом, мен үчүн экөөнүн өз-өзүнчө орду, даамы, түйшүгү, ырахаты бар. Биринен экинчисин жогору коюп салыштыра албайм. Экөөндө тең жан дилиң менен ойноо керек. Окуяга сүңгүп кирип, аны элестетип, айланамды унутуп калмайын роль жарата албайм.
— Акыркы жолу Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасындагы Саякбайдын ролун аткардыңыз. Ал тургай бул образды жаратуу үчүн атайын салмак кошкон экенсиз…
— Бул тасмада чынында Саякбай Каралаевге абдан окшошуп калгансыз. Анын кыймыл-аракетин туурап атайын даярдандыңызбы же?..
— Жок. Каарманды кайталап такыр даярданбаптырбыз. Кийин аябай окшошуп калыптырсың дегендерди угуп, эмнеге режиссер экөөбүз анын кыймыл-аракетин туурап даярданган жокпуз деп ойлондум. Астана шаарында тасманы көрүүгө Мухтар Ауэзовдун уулу Мурат Ауэзов келди. Фильм бүткөн соң ал "ушунчалык да окшош киши болобу" деп атайын мени менен таанышайын дептир. Көрүп алып "өзүң да чынында окшош турбайсыңбы, мен атамды ээрчип Көлгө көп баргам, Саякбай аванын кымызын далай ичкем" деп аябай таң калды. Ал эми Саякбай атабыздын кичүү кызы "тасманы көрүп отуруп атамдын жытын сезип жаттым" деди. Мына ушундай сөздөрдөн кийин чынында эле ролду жакшы ачкан турбаймынбы деп кубанып калдым.
— Тасманы өлкө башчысы да атайын барып көргөнүн билебиз. Ал кишиден кандайдыр бир коментарий болдубу?
— Президент келип тасманы көрөт деп бизди залга киргизишти. Сооронбай Шарипович келээри менен кино башталды, аяктаары менен ал залдан чыгып кетти. Биз менен баарлашкан жок, бирок кийин "бул тасманы жакшы деп угуп атайын көрөйүн деп келдим. Азаматсыңар, чынында жакшы фильм болуптур" деп жалпысынан мактап кеткенин айтышты.
— Театрда 20 жылдан ашык эмгектениптирсиз, 30дан ашуун фильмдерде роль жаратыптырсыз. Кандай сыйлыктарга татыдыңыз?
— Маданият өкүлдөрү, спортчулар мына ушундай мамиледен улам чет элге чыгып кетишет да, сизде андай ойлор болгон жок беле?
— Окууну жаңы бүтүп жаткан жылы Москвада иштөө сунушталды. Кааласаң аспирантурада окуп, окууңду улант дешкен, бирок мен кыргыз киносунда роль жаратууга суусап турган кезим эле, дипломду кучактап келе бергем. Ал үчүн өкүнбөйм деле. Сыртка чыгып кетүүнү ошол 90-жылдары да ойлонбоптурмун. Мен өз кесибимдин, өз мекенимдин фанаты болуп төрөлсөм керек. Ичээр суум түгөнүп, өмүрүм аяктаса да мекеним менен кесибимдин фанаты бойдон кете берем го…