00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
10:11
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:59
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
21:58
1 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мындан ары эмгек мигранттары РФда өзүн кандай алып жүрүшү керек? РФ федералдык мыйзамдарына кирген жаңычылдыктар тууралуу
11:05
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын иштелип чыкты — быйыл 10 миллион турист келеби?
11:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
“Улуттук” макам алган Маданият жана искусство университетинде эми эмне өзгөрөт? - Окуу жайдын жетекчиси Түмөнбай Колдошов менен маек
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
“Кыргызстанда балык өндүрүүнүн келечеги кең”. Балык багуунун өрүшү жана өксүгү тууралуу адис менен маек
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Профессии будущего: что предлагает кыргызстанцам университет связи в Петербурге
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пейил оңолот. Соңку жылдары кыргыздын пейили кандай болуп өзгөрдү?
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Глобальное потепление и Кыргызстан: что мы можем противопоставить?
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
“Кыргызстанда балык өндүрүүнүн келечеги кең”. Балык багуунун өрүшү жана өксүгү тууралуу адис менен маек
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эки кишини өлтүрүп ала жаздагам... "Ак кемедеги" Нургазы Сыдыгалиев менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековАктер Нургазы Сыдыгалиев сыгравший роль Нургазы в фильме "Белый пароход"
Актер Нургазы Сыдыгалиев сыгравший роль Нургазы в фильме Белый пароход - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ак кеме" тасмасынын башкы каарманы бакыраң көз, баео, кичинекей Нургазы азыр төрт баланын атасы, небере жыттап калган чагы. Урма, үйлөмө музыкалык аспаптарда катыра ойноп, балдарга музыкадан сабак берет.
Сыдыгалиев: мени "Ак кемедеги" Нургазы дешип азыр деле көчөдөн таанып калышат
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Сыдыгалиев: мени "Ак кемедеги" Нургазы дешип азыр деле көчөдөн таанып калышат
"Ак кеме" тасмасындагы кичинекей Нургазынын ролун жараткан актёр Нургазы Сыдыгалиев аталган тасмага 6 жашында миң баланын ичинен тандалып алынганын айтты.

Айтматовдун 90 жылдыгына карата Sputnik Кыргызстан агенттиги анын чыгармаларынын негизинде тартылган тасмадагы каармандар менен баарлашууну улантат. Бул ирет бизде "Ак кеме, мени ала кет!" деп кыйкырган Бала Нургазы Сыдыгалиев конокто болду.

— Канчага чыгып калдыңыз?

— 51 жаштын чайын ичип отурам.

— Кайсы тармакта эмгектенесиз?

— 16 жыл Коргоо министрлигинин оркестринде кызмат кылып, үйлөмө аспапта ойнодум. Азыр окуучу балдарга музыкадан сабак берип, урма, үйлөмө аспаптарды үйрөтөм. Андан сырткары, учурда Айтматовдун 90 жылдыгына карата Булан Бектеналиевдин уюштуруусунда "Жаш өспүрүм" деген долбоордо иштеп жатам. Анда өлкөдөгү мектептерди кыдырып, Чыңгыз Айтаматовдун чыгармаларындагы каармандар окуучулар менен жолугабыз. Жакында эле Ош шаарына барып келдик. 

Video Player is loading.
Азыркы убакыт 0:00
/
Duration 0:00
Жүктөө: 0%
Прогресс: 0%
Агымдын түрү ЭФИРДЕ
Калган убакыт -0:00
 
1x
Эки кишини өлтүрүп ала жаздагам... "Ак кемедеги" Нургазы Сыдыгалиев менен маек
0:59

— Сизди биз "Ак кеме" тасмасындагы Баланын образы аркылуу тааныйбыз. Кандайча тартылып калдыңыз эле?

— Апам мени төрт жашымда эле бийге берип койгон. Иним шахматка барчу. Кичине кезимде абдан тентек, шок бала элем. Бий ийриминде Григорий Павлович деген мугалим мени солист кылып койду. Режиссер Болот Шамшиев тасмага каарман издеп келгенде мугалимибиз мени айтып, ата-энемдин дарегин берип коюптур. Алардын макулдугу менен тасмага тартылып калдым. Анда мен кичинекеймин да, көп нерселер эсимде жок. Бирок кийин анын баарын Шамшиев, дагы башкалары айтып беришкен. Бир жерге турбай баарын бүлүндүрүп жүрсөм комиссиядагылар "бул бала жарабайт, азыр эле ушинтип жатса, тасма тартуу учурунда таппай калабыз" дептир. Бир ай мурун Болотбек Шамшиев менен жолугуп сүйлөшүп отуруп калсам "жүрөгү оорулуу байке бар болчу. Бир күнү анын капталынан чыга калып "руки вверх" деп чочутуп аз жерден өлтүрүп ала жаздагансың" деп күлүп жатпайбы. Азыр эстесем бир жерде жөн турчу эмес экенмин. Шамшиев мага "ролду батыраак ойносоң ата-энеңе алып барам" деп алдап образга киргизчү. Бирок анда деле мен образ дегенди билбейм да, өзүмдү эле ойногом. Чыгармада негизи Бала деп эле берилет го. Анан мага ат коелу десе болбой коюптурмун да ошол бойдон Нургазы болуп аткарып калыптырмын. 

© Фото / Александр ФедоровСыдыгалиев: тасма эки жыл убакыт аралыгында жай мезгилинде тартылды. "Ак кеменин" айынан мен 1-класска кечигип 8 жашымда баргам.
Неопубликованные закулисные фото — 40 лет фильму Белый пароход - Sputnik Кыргызстан
Сыдыгалиев: тасма эки жыл убакыт аралыгында жай мезгилинде тартылды. "Ак кеменин" айынан мен 1-класска кечигип 8 жашымда баргам.

— Тасма тартылып жаткан учурда кызыктуу учурлар көп болсо керек?

— Кызыктуу учурлар көп эле болуптур. Тасма эки жыл убакыт аралыгында жай мезгилинде тартылды. "Ак кеменин" айынан мен 1-класска кечигип 8 жашымда баргам да. Жанагы тасмадагы бугуларды атайын Сибирден алып келишиптир. Тасмага бут тоскон адамдар ошол бугулардын бирин уулантып, анысы турбай жатып калып, сценарийде бир топ өзгөрүүлөр болуптур да. Аны мен кийин уккам.

Султанмурат, Нургазы, Очкарик... Бала кезде кино жылдызы болгондор азыр кайда - Sputnik Кыргызстан
Султанмурат, Нургазы, Очкарик… Бала кезде кино жылдызы болгондор азыр кайда
Дагы бир кызыктуу окуя. Дөбөдө тасма тартууга пленка жасаган автобус турчу. Ага кызыгып барып, рулга отуруп ары-бери буруп ойноп, тормозду чыгарып салыптырмын. Баягы автобус дөңдөн ылдый кетип, ичиндеги кассир орус аял мени ары түртүп жиберип өзүнүн башы жарылыптыр. Ичинде оператордун да жардамчысы бар экен, анын буту-колу, кабыргасы сынып ооруканага жатып калган. Автобус эки жолу аласалып кетиптир. Шоктугуман эки адамды, өзүмдү да өлтүрүп ала жаздаптырмын. Кийин ошол буту-колу сынган байке жолугуп калып, окуяны айтып берип күлдү эле.

— Тасмадагы Момун чал, чоң эне, Орозкул жашоодо кандай эле?

— Момун чалдын ролун аткарган ата чындап эле жашы өтүп калган, жоош адам эле. Ал эми Орозбек Кутманалиев таптакыр башкача, үй-бүлөсүнө бекем, боорукер киши болчу. Сабира Күмүшалиева мени өз апамдай карады. Кечинде "төшөккө сийип саласың" деп чай бербей жаткырып салчу. Ага көрүнбөй барып акырын чай ичип жатып, кээде кое берип салчу экенмин. Ал киши мен көргөндөн өзүн аябай караган, мүнөздөп тамак ичип, убагында уктаган аял болчу. 

1/4
Сыдыгалиев: Момун чалдын ролун аткарган ата чындап эле жашы өтүп калган, жоош адам эле

— Эмне себептен актерлук кесибиңизди улантып кеткен жоксуз?

— Кичинемде Шубин атындагы музыкалык мектепте билим алдым. Андан соң Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде окуп жүрүп, Москвадагы эң күчтүү делген Щукин атындагы актерлордун окуу жайына барып, экзамен тапшыргам. Бирок кандайдыр бир себептер менен өтпөй калгам. Шаабайым сууп армияга кетип калдым. Ал жактан аз жерден афган согушуна кетип кала жаздагам. Бирок солдаттарга "Ак кеме" көрсөтүлүп калып, командир мени жибербей койгон. Келип музыкалык училищени аяктап, искусство институна тапшырып, ошону менен музыка дүйнөсүнө аралашып кеттим. Армияга барып калышыма Рафаэль Сарлыков деген агайымдын салымы чоң. Училищеде окуп жүргөндө Ырыскелди Осмонкулов, Аслан Исабаев дегендер менен бирге "Битлз" тобун кумир тутуп, ырларын ырдап калдык. Анан Рафаэль агай "эркек деген эркектей болуш керек, тигилерди көрүп чач өстүрүп кыздардай болуп калбагыла" деп армияга жиберген.

— Айтматов менен мамилеңиз кандай эле?

— "Ак кеме" тасмасына тартылып жүргөндө анда-санда бою узун, оор басырыктуу киши келип калчу. Көрсө, ал Айтматов экен. Кийин чоңоюп калганда Кино үйүнөн, иш-чаралардан кезигип ал-абалымды сурап койчу. Айрымдар жазуучу сизге үй салып, унаа алып берген турбайбы деп да чыгышты. Мага улуу адамдын чыгармасында роль жаратып калганым эле жетет. Тасманын артынан көп жерлерди кыдырдым, музыкага да ошол тасманын арты менен кызыгып калдым десем болот. Себеби чет жерлерди кыдырып жүргөндө дүйнөлүк музыканттар менен жолуккам. 

© Фото / Александр ФедоровСыдыгалиев: "Ак кеме" тасмасына тартылып жүргөндө анда-санда бою узун, оор басырыктуу киши келип калчу. Көрсө, ал Айтматов экен. Кийин чоңоюп калганда Кино үйүнөн, иш-чаралардан кезигип ал-абалымды сурап койчу.
Улыбка гения. Уникальные фото писателя Айтматова  - Sputnik Кыргызстан
Сыдыгалиев: "Ак кеме" тасмасына тартылып жүргөндө анда-санда бою узун, оор басырыктуу киши келип калчу. Көрсө, ал Айтматов экен. Кийин чоңоюп калганда Кино үйүнөн, иш-чаралардан кезигип ал-абалымды сурап койчу.

— Үй-бүлөңүз тууралуу да айтып берсеңиз?

— Бир кызым, үч эркек балам, анан эки жээн неберем бар.

— Балдарыңыз эмне менен алек?

— Балдарымды скрипкага берип көрдүм, бирок кыйнаган жокмун. Улуусу чоң атасын тартып унаа оңдогонго жөндөмдүү. Ортончу балам ишкер болот окшойт, мээси жакшы иштейт (күлүп). Кичүү балам, тилекке каршы, оорукчан болуп калды. Басат, чуркайт, атайын мектепке да барат. Болгону жакшы сүйлөй албайт. 

— Келинчегиңиз чыгармачыл чөйрөдөн эмеспи?

— Ал да искусство институтун бүткөн. Бирок кийин Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин экономика адистигин аяктап, азыр ошол кесиби менен иштейт. Балама карап майып балдардын ассоциациясында да сабак берип, эмгектенет.

— Тасмага тартылууга сунуштар түшөбү?

— Ооба, кээде болот, бирок көңүлүмө көп толбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0