БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Борбор калаадагы "Мадина" базарынын жанында автобус 72 жаштагы кемпирди коюп кеткен. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлашты.
Кырсыктын болжол менен 5-майда, саат 8:30дарда 7-Апрель көчөсүндө болгондугу айтылды.
"Ал жолдун боюнда бара жатканда автобус артынан келип сүзүп, колунда баштыгы бар пенсионер кулап түшкөн", — деп билдиришти аталган башкармалыктан.
Жабырлануучу Улуттук Госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.