БИШКЕК, 3-май— Sputnik. Сузакта Көк-Арт дарыясынын жээгине түшкөн көчкү түндө жылып келип, сууну кайрадан бууп калды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов кабарлады.
Бир нече күн мурда, тагыраагы 29-апрелде, түшкөн жер көчкү алгач дарыяны тосуп калып, андан соң суу баткакты жиреп, агып кетип жаткан.
"2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү кайрадан активдешип, сүрүлүп түшүп, суунун нугун дагы бөгөп калган. Жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана Жарандык коргонуу комиссиясы абалды көзөмөлдөп турууда. Түндө караңгы болгондугуна байланыштуу жер көчкүнүн көлөмүн аныктоого кыйынчылык жаралды", — деп билдирген Бекилов.
Эске салсак, 29-апрелде болжол менен эртең мененки саат 9.30да Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен 1,5 миллион метр куб жер көчкү түшүп, анын 48 000 метр кубу аталган дарыянын суусун жаап калган. Аймакка чукул кырдаал режими киргизилип, ӨКМдин тиешелүү техникасы менен кызматтары тартылган.