08:51 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Сузак районундагы жер көчкү

Суу көбөйүп, Сузак менен Жалал-Абад шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

© Фото / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
70330

Саат кечки жетиге карата топтолгон суунун көлөмү болжол менен 400 000 метр кубду түзгөн

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Сузак районундагы жер көчкүдөн улам, аталган районго жана Жалал-Абад шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдирди.

Буга чейин эртең менен болжол менен саат 10:20да Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен 1,5 млн. метр куб жер көчкү түшүп, анын 48 000 метр кубу аталган дарыянын суусун жаап калган

"Саат 19:00гө карата топтолгон суунун көлөмү ал жерде болжол менен 400 000 метр кубга жетти", — деп билдирди Бекилов.

Ал ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук Жарандык Коргонуу комиссиясы тиешелүү иш-чараларын жүргүзүп жатканын айтты.

Учурда дрон аркылуу көчкү түшкөн аймакты видеого тартуу иш-чаралары жүрүп жатат.

Бекилов элди коопсуз жайга көчүрүү, күч каражаттарды даярдыкта кармоо, дарыянын жээгинде техникаларды даярдоо, жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү башталарын кошумчалады.

Тема боюнча

Жалал-Абад менен Сузакка өзгөчө кырдаал режимин киргизүү каралууда
Белгилер:
көчүрүү, өзгөчө кырдаал, дарыя, Жер көчкү, Сузак району, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ