Бүгүн Жогорку сотто Аида Салянованын иши каралбай калды

© Sputnik / Расул УсеналиевЭкс-депутат Аида Салянованын архивдик сүрөтү
Экс-депутат Аида Салянованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки эки инстанция тең Салянова Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз калыбына келтирип берген деп өкүм чыгарган.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бүгүн Жогорку сотто саат 11:30га белгиленген экс-депутат Аида Салянованын иши каралбай калды.

Сот коллегиясы чогулуп жыйындар залына киргенден кийин Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова ооруп калганын анын жардамчысы билдирди.

Ошентип соттун кийинки отуруму 8-майга саат 14:00гө белгиленди.

Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции - Sputnik Кыргызстан
Райым Матраимов менен өкмөттүн соту кийинкиге жылды
Аида Салянованын соту алгач Ленин райондук сотунда каралып, мүлкүн камакка алуу менен беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок депутаттын 2015-жылы төрөлгөн баласы 14 жашка чыкканча чечимдин мөөнөтү жылдырылган. Кийин шаардык сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган болчу.

Эскерте кетсек, экс-депутат юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0