БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бишкектеги “Ак кула” ипподромунда мина табылды.
УКМКнын маалыматы боюнча 3-май күнү саат 20.00дө “102” кызматына ат майдандын кире беришинде шектүү буюм жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.
Аймак дароо курчоого алынган.
Окуя болгон жерге келген УКМКнын кызматкерлери танкка каршы колдонулуучу минаны дат басып, пайдаланууга жарабай калганын аныкташкан. Жанынан башка эч кандай курал табылган эмес.
Мина жок кылуу үчүн полигонго алып келинди.
Окуянын чоо-жайы такталып жатат.