БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы болуп Динара Молдошева дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Молдошева 2012-жылы өкмөттүн парламенттеги өкүлү болуп иштеген. Ага чейин 2007-жылы Жогорку Кеңештеги "Ак-Жол" партиясынан депутат болгон.