Америкалык киши 4 млн. доллар уткан лотерея билетин унутуп калган

© AFP 2023 / JUNG YEON-JEДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир айдан кийин киши билетти текшерип, ири сумманы көргөндө чалкасынан кете жаздаган

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Америкалык Жефф Кретцер 4 миллион доллар уткан лотерея билетин алып коюп, үйүнө унутуп калган. Бул окуя туурасында РИА Новости UPI басылмасына шилтеме кылып жазды.

Джекпот лотереи Powerball - Sputnik Кыргызстан
Америкада медайым лотереядан 758 миллион доллар утуп алды
Көптөрдү таңгалдырган окуя Виргиния штатындагы Честерфилд округунда болгон. Жефф Кретцер лотерея билетин сатып алып, столдун тартмасына салган тейде унутуп калган.

Бир айдан кийин киши билетти эстеп, карап коюуну чечкен. Алгач Кретцер 4000 доллар деп көрүп алып, сүйүнүп, көзүн ушалап караганда 4 миллион доллар деп жазылып турганына байкаган.

"Оозума сөз келбей калды. Чындыгында эмне дээримди билбей турам", — деген ал журналисттерге абалын айтып берип жатып.

Буга чейин интернетке акчалай сыйлык утуп алган ишкер бийлеп жаткан жеринен жан берген видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0