БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россиянын чек арасында Кыргызстандан маркировкасы жок айыл чарба азыктарын ташып бара жаткан эки унаа токтотулду. Бул туурасында "Россельхознадзор" билдирди.
Жүк ташып бараткан автоунаалар 22-апрелде "Караузек" өткөрүү бекетинен токтотулган. Анда карантинге алынга азыктарды — алма, өрүктүн кагын, кургатылган кара өрүктү, төөбурчак, өрүктүн данегин, ит мурун, жер жаңгак жана күрүч ташып бара жатышкан. Жүктүн жалпы салмагы 44 тоннаны түзгөн.
"Маркировканын жоктугунун өзү мыйзам бузуу. Ошол документте карантинге алынган продукция тууралуу маалыматтар камтылып аталышы, өндүрүлгөн жери, жасалган күнү, жарактуу мөөнөтү жана сактоо шарттары жазылышы керек", — деп айтылат маалыматта.
Жүктүн ээлерине эскертүү кагазы берилип, унааларын артка кайтарган.