"Кумтөргө" ээлик кылгысы келген Chaarat Gold компаниясы жөнүндө 7 факты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЗолоторудное месторождение "Боковое" ООО "Алданзолото
Золоторудное месторождение Боковое ООО Алданзолото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда көп сөздүн, талаш-тартыштын башы болуп келе жаткан "Кумтөр" кенине ээлик кылам деп чыккан компания көптөрдүн кызыгуусун жаратууда.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жакында эле Chaarat Gold Holdings ишканасы Centerra Gold Inc. компаниясынан "Кумтөрдү" сатып алуу ниети бар экенин билдирди.

Келишимдин баасы так айтылбаганы менен, ишкана билдиргенине караганда, Кыргызстан алтын кенинен түшкөн кирешесин бир топ көтөрүп алууга мүмкүнчүлүк берген шарттар сунушталып жатат.

Кыргызстанда алтын кантип өндүрүлөт. Заводдогу бир күн - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда алтын кантип өндүрүлөт? Заводдогу бир күн
Көп өткөй бул маселе боюнча Centerra Gold Inc. өз пикирин билдирди. Анда канадалык ишкана аталган сунушту "рыноктогу кызыл кулактык" деп баалап, сунушка эч бир кызыкдар эмес экенин баса белгиледи.

Негизи Charaat Кыргызстандагы ири алтын кенин сатып алуу ниетин билдиргенден кийин, Лондон биржасында акциялары 20,1 фунт стерлингден 24,15 фунт стерлингге чейин өскөн. Мунун айынан компания 24-апрелде өз акцияларын сатууну убактылуу токтотуп турууга аргасыз болду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстандагы эң ири кенди сатып алууга белсенген британиялык компания тууралуу жети фактыны даярдады.

— Компания Chaarat Gold Holdings Журналисттик иликтөө боюнча эл аралык консорциумдун (ICIJ) маалыматына караганда, Британиялык Виргин аралдарында катталган. Сайтта компания Chaarat Malta Limited деп аталган оффшор ишканасынын акционери катары көрсөтүлгөн. 

— Chaarat Gold Holdings компаниясынын баалуу кагаздары Лондондун фондулук биржасынын AIM аянтында сатылат. Ал жер майда жана анча белгилүү эмес компаниялардын акцияларын жайгаштырган рынок. 

— Chaarat Gold Holdings ишканасынын блокпакетинин болжол менен 25 пайызы Brunswick тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири Мартин Андерссонго тиешелүү. Ал киши директорлор кеңешинин төрагасы. Компаниянын сайтында Андерссон 2013-жылдын сентябрь айына чейин "Сибирская угольная энергетическая компания" (СУЭК) деп аталган уюмдун директорлор кеңешинин курамында болгону айтылат.

— Chaarat Gold ишканасынын колундагы көзгө басар активи — Жалал-Абад облусундагы Чаарат алтын кени. Ал жерде болжол менен алганда 175 тонна алтындын кени бар. Анын арасынан 150 тоннасы табылып, аныкталган кымбат баалуу металлдар экени айтылган.

Большегрузные самосвалы на месторождении золота - Sputnik Кыргызстан
УКМК "Макмалда" өрттөлгөн фабрика мыйзамсыз курулган деп иш козгоду
— "Чаарат" кенинде Британиялык компаниянын ишин "Чаарат Заав" деп аталган туунду компаниясы алып барат. Былтыр анын техникалык экономикалык негиздемесин бүтүрүү үчүн 15 миллион долларды башка бирөөлөрдөн карыз алып келгени да маалымдалган. Бүгүнкү күндө кендин аймагын бургулоо жана ага кеткен жолду салуу иштери жасалууда.

— Минералдык ресурстар жана геология боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда "Чаарат Заавга" Кыргызстандагы кенди пайдалануу үчүн эки лицензия иштетүүгө жана бирөө чалгындоого берилген. Мындан сырткары компания Кумбелташ кенин жана Чаткал районундагы Түлкүбаш аймагына инвестор катары каралып жүрөт.

— 2012-жылдын октябрь айында ал кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Чаарат Заавды" жабууну талап кылган. Tazabek.kg компаниянын жазганына караганда, Жалал-Абад облусундагы Чанач кенинин аймагындагы иштеринде кемчилик табылганы себеп болгон. Ал кезде аталган ишкана 153 миң сом айып пул төлөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0