БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булак билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда аталган жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.
"Сулайман-Тоодо жашы 35-40тар чамасындагы аялдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат Ош шаардык милиция бөлүмүнө түшкөн. Келиндин өлүгү бүгүн, 18-апрель күнү, саат 17:00дөр чамасында Сулайман-Тоонун батыш тарабынан табылды. Шаардык милициянын ыкчам-тергөө тобу учурда аталган аймакта кароо иштерин жүргүзүп жатат. Маркумдун аты-жөнү такталды", — деди маектеш.
Ал кошумчалагандай, келин 10-апрелден бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу анын жакындары милицияга кабарлаган. Маркумга издөө жарыяланып, бир жумадан бери табылбай жаткан. Учурда бул фактынын негизинде иликтөө иштери башталды.
Ал эми шаардык милициянын маалымат кызматы бул тууралуу билдирүү тарата элек.