БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүйдө 13…18, Таласта 12…17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 15…20 градус нөлдөн жогору болоору күтүлүүдө. Ал эми Ысык-Көл менен Нарын аймактарында күн 14…19 градуска жылыйт.
Бишкек менен Ош шаарларында күндүз жаан жаап, 18…20 градус жылуу болот.