Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдесова: быйылкы Көчмөндөр оюнуна бюджеттен 306 миллион сом бөлүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамруководителя секретариата ВИК Айжан Абдесова
Замруководителя секретариата ВИК Айжан Абдесова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруу катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова демөөрчүлөрдүн эсебинен мамлекеттин казынасынан бөлүнгөн каражатты үнөмдөөгө аракет жасаларын айтты
Абдесова: быйылкы Көчмөндөр оюнуна бюджеттен 306 миллион сом бөлүнөт

Быйыл күздө үчүнчү ирет өтө турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна мамлекеттен 306 миллион сом бөлүнөт. Мындан сырткары, демөөрчүлөр да бар. Бул тууралуу Айжан Абдесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйылкы оюндарга 102 мамлекеттен конок чакырылган.

"Жалпы бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгү маданий иш-чараларга, дагы бир бөлүгү спорттук оюндарга жумшалат. Мындан сырткары, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга да 10 миллион сом каралган. Бул каражат ипподромду эл аралык талаптарга жооп бергендей деңгээлде кармап турууга жумшалат", — деди Абдесова.

Ал ар бир багытка бөлүнгөн суммага чек коюлгандыгын, андан ашыкча акча коротулбастыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, эл аралык оюндар үстүбүздөгү жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0