БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарга АКШ, Улуу Британия жана Франция Сирияны көздөй жөнөткөн ракеталардын алгачкы сүрөттөрү жана видеолору чыкты.
Чабуул 14-апрелге караган түнү башталган. Батыш коалициясынын билдиргенине караганда, кол салгандардын негизги максаты "химиялык куралды өндүрүү жана изөлдөө борборлору" болгон.
Үч мамлекет жүзгө жакын рекета учурган. Анткен менен Россиянын Коргонуу министрлиги алардын көпчүлүгүнүн мизи кайтарылганын айтты.
Сириянын абадан коргонуу күчдөрү Советтер Союзунда 30 жыл мурда чыгарылган техниканы пайдаланышты.
Breaking: Video shows Syrian air defense systems being activated in Damascus amidst U.S. strikes in the area. pic.twitter.com/GMUbWLIMjI
— PM Breaking News (@PMBreakingNews) 14 апреля 2018 г.
Батыш Сирияга болгон кол салууну анын химиялык курал колдонушу менен түшүндүрдү. Вашингтон аны менен бирге Скрипаль боюнча окуяны да Москванын эсине салды.
Сириянын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын маалыматы боюнча кол салуудан үч киши жабыркаган.
Breaking: Another explosion in #Syria pic.twitter.com/8T1vfqjEd3
— Arturas Kerelis (@arturaskerelis) 14 апреля 2018 г.
Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Сирияга урулган соккунун "кесепети тиерин" айтып, бардык жоопкерчилик Вашингтондун мойнунда экенин белгиледи.
Return defense fire in Damascus #Syria pic.twitter.com/LtdEr15pqM
— Arturas Kerelis (@arturaskerelis) 14 апреля 2018 г.
Ал арада сириялыктар Дамакстын борборунда президент Башар Асаддын режимин колдоо иретинде митинг өткөрүп жатышат.
Очевидцам атаки США против Сирии удалось сфотографировать момент нанесения ракетных ударов. pic.twitter.com/iD0ezK3iuo
— Мировые РИА Новости (@RIA_Worldnews) 14 апреля 2018 г.
Сокуу уруу операциясына АКШдан тышкары Франция менн Улуу Британия катышууда.
После ударов США по Сирии в центре Дамаска начали проходить стихийные акции в поддержку Асада. pic.twitter.com/FowlBiXbQ1
— Мировые РИА Новости (@RIA_Worldnews) 14 апреля 2018 г.