Кыргыздын турмуш-тиричилигинин дээрлик көбү мал чарбачылыкка байланыштуу болгондуктан жазында төл алуу үчүн жаздоого, жайында жайытка карап жайлоого, малдын этин чыңоо үчүн кыштоого чыгып, көчүп-конуу менен күн кечирген.
Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет жайлоо маданияты, көчкө байланышкан тыюуларды топтоду. Макалабызды жазууга этнопедагог Абдыкерим Муратов көмөктөштү.
Көчтү аял баштабайт. Төө, уй, өгүзгө жүк артылган соң көчтү айыл аксакалы башкарат. Көч коно турган журтка жакындаганда аксакал жаңы конуш жайын чалат. Анда айылдын, ар бир үйдүн орду даярдалат. Боз үйлөр тигилип, желеге кулундар байланып, айыл аксакалы жаңы журтка "конуш жайлуу болсун" деп бата кылат, арбактарга арналып жыт чыгарылып, куран окутулат.
Мал көчтүн артынан айдалбайт. Көчтүн да өз эрежеси, башкача айтканда, түзүлүшү болгон. Көчтөн мурда алдыга мал айдап жигиттер кетет. Андан соң жасалгалуу ат минген кыз-кыркын, ак элечектен байбичелер, тай минген балдар чубайт. Андан кийинки сапта жүктү төөгө, атка, өгүзгө, топозго жүктөгөн мырзалар кеткен.
Көчтү эптеп жүктөбөйт. Узак сапарга чыгаарда көчтүн жүгү өтө мыкамдалып жүктөлөт. Буга көбүнчө жигиттер милдеттүү болгон. Кимдин жүгү ооп, жүгү жолдо чубалса, аны өтө айыптуу, намыстуу иш көрүшкөн.
Жардыны журтка таштабайт. Кыргыздар уруу-уруу, айыл-айыл болуп дайыма чогуу көчкөн. Каза таап, сөөк жерге жашырыла элек үй гана көчпөй калган. Ошондой эле улуу көч деген да бар — айыл эли айлап алыска көчсө аны каркыралуу көч деп да аташкан.