2-апрель күнү маршруттук такси айдоочулары жумушка чыккан жок. Бишкектин шаардык транспорт башкармалыгы айдоочулар милдеттүү камсыздандыруу нормасы ишке киргизилип жатканына каршы болуп жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, мыйзам 2008-жылдан бери иштеп келет, бирок айып пул чарасы 1-апрелден тарта күчүнө кирген.