БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Сокулукта киши колдуу болгон аялдын ким экенин аныктоого жардам сурайт.
Маалыматка ылайык, аялдын сөөгү 24-мартта табылып, денесинин мыкаачылыктын белгилери байкалган.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиАялдын кийген кийимдери
![Вещи, которые были на погибшей Вещи, которые были на погибшей - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103834/85/1038348544_0:0:705:375_600x0_80_0_0_4397ad734519758dc5f4b555da9a7f9f.jpg)
Аялдын кийген кийимдери
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Аялдын өзгөчө белгилери:
Бою 186 сантиметр, азиат тегинде, жашы 25-30дар чамасында, чачы кара, арыкчырай.
Үстүндө күңүрт жашыл күрмө, көк түстөгү кофта, кара шым, бутунда сары жана кара түстөгү байпак кийген.
Укук коргоо органдары аялдын буюм-тайымдарын тааныгандар болсо 0312-43-01-27; 0312-43-88-85 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.