БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Алматы шаарында өткөн шотокан каратэ-до WSKF боюнча Казакстандын ачык кубогунда Кыргызстандан барган спортчулар 10 алтын, 7 күмүш жана 15 коло медаль утушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Казакстандын Алматы шаарында өткөн биринчиликке Кыргызстандын атынан Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясынын жана Аксы райондук каратэ-до федерациясынын спортчулары барган.
Ал эми кумутэде Бакытбек Жүзмалиев, Алмир Курманбеков, Самуил Койчубеков, Батырхан Мукайбеков алтын, Эмир Тентимишов, Ариет Турусбеков, Элмырза Байышов, Рустам Ташибаев, Ырысбек Темирбеков күмүш, Байбол Абдыкапаров, Бекзат Топчубаев, Эрмек уулу Дархан, Анарбай уулу Санжарбек, Бекболсун Өмүрбеков жана Бообек Нарматов коло медаль тагынышты.
Ошентип 200дөн ашуун спортчу катышкан турнирдин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык эсепте Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясы биринчи орунду, Аксы райондук каратэ-до федерация экинчи орунду ээледи.