Сокулукта киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылды

© AFP / JEFF PACHOUDИнститут судебной медицины в Лионе
Институт судебной медицины в Лионе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта милиция аялдын аты-жөнүн тактап жатат

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Сокулукта киши колдуу болгон 25-30 жаштардагы аялдын сөөгү табылганын Чүй облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, сөөктүн табылганы боюнча маалымат Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 24-мартта күндүз келип түшкөн.

"Ак-Ордо-2" жаңы конушунда мыкаачылык болгон жерге Сокулук РИИБдин ыкчам тобу барган", — деп маалымдашты милициядан.

Аялдын аты-жөнү такталууда. Аталган факты боюнча Сокулук райондук милициясы Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0