Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Видеокөпүрө "РФтеги кыргызстандыктардын абалы — каттоодон кош жарандуулукка чейин"

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүРоссиянын ФМС кызматкерлери. Архив
Россиянын ФМС кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 23-мартта саат 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болот.

Катышуучулар Россияда кыргызстандыктарды каттоо маселелери, эмгек мигранттарынын кош жарандык алышы, кыргыз диаспораларынын өнүгүшү, сөөктү жөнөтүү (груз-200) жана кара тизме жөнүндө айтып беришет.

Бишкектен катыша тургандар:

ШАМШИЕВ Улан Насердинович — Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөдөгү эмгек мигранттары бөлүмүнүн башчысы;

ОЛГОНБАЕВА Лола Бакытовна — "Замандаш" ассоциациясынын өкүлү.

Москвадан катыша тургандар:

АБДРАЗАКОВ Доорбек Үсөнович — Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери;

АТТОКУРОВ Раимкул Арзымаматович — аксакалдар кеңешинин төрагасы, Москвадагы коомдук уюмдардын координациялык кеңешинин төрагасы;

БАЙЫМБЕТОВА Гүлбарчын — КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0