Ал жашоосуна кубаныч тартуулаган мугалимдерин, күнгө сызгырылып пахта менен тамеки терген балалыгын жана айылдагы суулууларды суктантып кайдышер калтырбаган аккардеон черткен талантын эстеди.
Биздин каарман Сузактын Кызыл-Янгир айылында туулуп, өскөн.
Саламатсыздарбы, айылдаштарым, айылым. Бүгүн мен көптөн бери жасай элек кат жазуу вазийпасын аткарып жатам.
… Отуруп алып, бир туугандарга кат жазайын деген азыр жок, каттын милдетин телефон аткарып калды. Айыл дегенде мага бир жакшы учурлар, сезимдер эске келет. Айыл кенендиги, берекеси, тазалыгы, малы-жаны менен, айтор бардыгы чогулуп келип кандайдыр бир коопсуздуктун, ишенимдин, тынчтыктын символу катары сезиле берет.
Эсимде, 7-8-класстан окуп калгам. Биздин үйгө жаш – адистер, бири Жети-Өгүздөн, бири Тоңдон келген Айшагүл Чалабаева, Курманбек Салахунов аттуу жаш педагогдор жашап, иштеп калышты. Бири физик, бири математик эле. Азыр баамдасам, институтту жаңы бүтүп, иштесе ишке тойбой турган адистер экен. Биздин үйдө кыз жок эле, бир тууганча өстүк.
Алар сабакка жөнөгөндө көзүмө бир сонун көрүнөр эле, аркасынан түшүп алып, мектепке кантип жеткенимди билбей калчумун. Башкалардан айырмачылыгы, ошол эжекелер, агайларым үйгө келгенде бир туугандан айырмасы жок болчу. Чогулуп алып, топ тепчүбүз. Ойноп жатып, күндүн кантип батканын да билбей калар элек.
Бир тууган болуп калган жаш мугалимдер
Сузактын этегиндеги айылда туулуп, өстүм. Ал учурда кошулуп кеткен өзбек тилиндеги сөздөр басымдуулук кылып, таза кыргызчадан узак элек. Тигилер келип, биздин сүйлөгөн тилибизге абдан күлчү. Себеби алар, Бишкекте, Ысык-Көлдө өскөн жаштар болучу. Азыр баамдасам, өздөрү жаш болсо, маданияты башка аймакка түшүп калса, алды кийин мындай диалектилерди укпаса, анан абдан кызык угулчу окшойт. Ал учурда келиндин, жаш келиндин, аялдын ачык кийиниши мүмкүн эмес эле. Айшагүл эжем мектептен келгенден кийин, спорттук күрмө, шымын кийип алып жүрчү. Кошуналарыбыз кийинүүнүн мындай маданиятына таңгалып карашат эле. Эсимде, алар деле атамдын балдарындай болуп калды да. Атам кечинде келе жатканда коон, дарбыз, жүзүм, же эрте жазда бышкан клубника ала келет да. Анан мугалим эжекем өз атасындай көрүп, "ата, рахмат!" деп бетинен кучактап өпсө, аны көргөндөр "бул эмне болуп жатат" деп таңгалып карагандары эсимде. Кийин түшүнсөм, бул маданияттардын бет келгени болуптур.
Түйшүктүү тамеки менен пахта
Айылда түйшүк оор экенин эстедим. Анда айрыкча, пахтачылык, тамекичилик менен алектенген аймактарда мээнет жаш балдардын, аялдардын мойнунда болор эле.
Тамеки тизип, пахта терген күндөр эсимде. Бош убакта албетте, спорт же башка менен алектенесиң, бирок түйшүк деген бизден качпай турган иштерден болучу.
Тамекини эртең менен күн чыга электе теришиң керек, себеби күн чыккандан кийин эфир бөлүнүп, жыт чыгат да, ал тургай жөөктө аралап жүрүүгө мүмкүн эмес. Өжөрлөнөм десең, эсиң ооп кулап каласың. Терип келгенден соң көлөкөгө коюп, сабагынан жалбыракты үзүп алып, ийне менен тизүү өзүнчө эле азап. Аябай зыян, ал тургай колуңа жабышкан желими карайып, алты айлап кетпей жүрөр эле.
Уй саап, тамак жасап
Сегиз бир тууган элек, мен экинчи болгондуктан, үй оокатын кыздай эле жасачумун. Нан жапкандан тарта кир жууганга чейин мойнумда болду. Керек болсо, уй саап, боорсок жасап дегендей.
Уй демекчи, кээде апамдын жумушу чыгып калганда кадимкидей эле саап койчумун. Бир жаман жери, убагында саабасаң ийибей коёт. Сүт чыкпаса, ал үчүн үйдөгүлөргө жооп беришим керек. Тамакты менмендеген келиндерден артык жасашым мүмкүн, бирок кем жасабайм. Маселен, азыр мен тамак алып келе жатканда, жакындай электе эле анын кандай жасалганын жытынан билип коём. Тамакты тандап калат экенсиң. Бирок ошол жаман адат экен. Сыр бербегенге туура келет, укмуш деп жей бересиң (жылмайып).
Менин ийгиликсиз лайфхагым…
Раматылык агам бар эле, анын шымын кайра-кайра үтүктөй берип жадатчумун. Бир күн аскерден келген агайлардан ички бетин кир самын менен сызып алып үтүктөсө кыры жакшы чыгат экен дегенди угуп калдым. Анан шымалана кириштим. Кирдеп калган же өңдүү кездеме болсо, суулап туруп басканда самындын тагы кала турганын кайдан билиптирмин. Андай учурлар көп болуп, түйшүктөнүп кайра жууп чыккан учурларым эсимде. Анткен менен ийгиликсиз лайфхактарым мени көп нерсеге үйрөттү. Кийин ханга салам бербей калдым.
Колотко жашырынып үйрөнгөн аккордеон
Эсимде, кыздарга көп каттагандын ордуна бокс менен катуу алектендим. Воллейболду жакшы ойночумун. Бала кезде ар жактан лидер болсом деген бир умтулуу бар эле. Мунун себебин кийин түшүндүм. Көрсө жети айлык төрөлүп, итий менен ооруптурмун. Анан арык болуп чыга келдим да чоңойгондо. Толук болсом, булчуңдарым буржуюп чыгып турса деп кыялдана берчүмүн. Буга спорт көмөкчө болду. Айнектен, күзгүнүн жанынан өтүп бара жатып, булчуңдарымды аңдый берген адатым бар эле. Аскерден келген байкелердин дене түзүлүшү, спорт менен машыккандыгы байкалса, кадимкидей таасирленип, там аркасына барып, гираларды көтөрүп, өзүмчө эле убара тарткан күндөр кечээ эле болгондой сезилет.
Эсимде 10-классты бүтүп жаткан учур эле, чөп жыйнаганы бардык. Кечинде тамак ичип бүттүк. Байкасам, татынкай кыздарыбыз баары эле аккордеон менен гитараны жакшы черткен башка балдарды карап, көз кырын салып, биз тарапты тиктеген эч ким жок. Намыстандым. Анан ошол күү менен, болжолу 10 күндүн ичинде аккордеонду үйрөндүм. Спорт мектеп менен музыкалык училищенин мугалимдери бар экен, силердин нормаңарды толтуруп берели, анын акысына бизге музыкалык аспапта ойногонду үйрөткүлө деп келишип алдык. Үнүм жакшы эле, ошол жердеги мугалим — обончу Камчыбек Жээнбеков деген агай үйрөттү. Колоттун ичине кирип алып, эч кимге көрсөтпөй 1-2 саат сабак берет. Мактап койсо, жарылып кетчүдөй болом тим эле. Анткен менен баягы татынакай кыздарыбыз үн созуп, аккордеон черткенде бизди караган деңгээлге жеттик.
Жаштарга кеңеш
Катымдын соңунда бардык айылдаштарыма дагы бир ирет салам айтып, бакубатчылык, береке, бейпилдик каалайм.
Урматым менен уулуңар, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев.